Ошто ӨКМ кызматкерин өлтүрүп кетишти

Автор -

Ош облусуна караштуу Өзгүр айылында ӨКМдин алдындагы «Сельводзащита» агенттигинин башчысын өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмыш кечээ күнү, 25-декабрда катталган. Ош шаардык милициянын нөөмөт бөлүмүнө «Тез жардам» кызматы тарабынан саат 20:20да  Өзгүр айылынын Кулматов көчөсүнүн №83 үйүнүн тургуну, 35 жаштагы Сапар Бакыевдин жансыз денеси алынып келгендиги тууралуу кабарланган.

«Жансыз денени кароо учурунда башынын арка тарабында белгисиз ок атуучу куралдан атылган октон калган изи жана мурун тарабында анын чыккан изи бар экендиги аныкталган. Маркумдун жашаган адреси боюнча үй-жайын кароо учурунда сарайынын алдында уюган кандын жана андан төрт метр аралыкта белгисиз октун гильзасы табылган», -деп билдирет шаардык милиция.

Учурда бул факт боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине адам өлтүрүү боюнча катталып, ар тараптуу иликтөө иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Маркумдун артында эки баласы калганы айтылат.

Бөлүшүү