Текебаев: ЕАЭБге киргенден кийин бажыдагы коррупция бир колго өттү

Автор -

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине киргенден кийин бажы, чек арадагы коррупция бир колго өттү. Мындай оюн «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев журналисттик иликтөөлөр, бажы тармагындагы коррупция боюнча «Азаттык» радиосу менен ой бөлүшүп жатып билдирди.

— Эмне үчүн Райымдын маселеси бүгүн көтөрүлдү? Эмнеге 2000-2005-2010-жылдары көтөрүлгөн эмес? Анткени анда баары жасайт эле. Евразия Экономикалык Биримдигине киргенден кийин монополия болуп бир колго өттү. Мамлекет башчысы, күч органдары катышмайын муну жасоо болбой калды. Бул бизнес трансулуттук мүнөзгө ээ болгонун белгилегим келет.

Быйыл «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланды.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө Райымбек Матраимовдун аты аталган. Бирок, ал иликтөөлөрдү курулай каралоо деп атаган.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жоопко тартыш үчүн ага карата айтылгандар юридикалык жактан бекемделиши керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал 25-декабрда Бишкекте жыл жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда айтты.