Айсулуу Мамашева «Ата Мекен» фракциясынын лидери болду

Автор -

«Ата Мекен» фракциясынын лидери болуп, Айсулуу Мамашева шайланды.  Ал журналисттерге мындайды күтпөгөнүн, мындан улам шок абалында экенин айтты.

Депутаттын айтымында, эки жолу добуш берүү болуп, Садык Шер-Нияз менен Сайдулла Нышанов экөө тең бештен добуш алышкан.

«Кесиптештерим башка талапкерди тандоону сунушташты. Анан «Айсулуу, сен татыктуусуң» деп айтышса, тамаша катары кабыл алдым. Бирок добуш берүү болуп, бардыгы колдоп колун көтөрсө, нес болуп калдым. Дагы деле өзүмө келе албай жатам», — дейт Айсулуу Мамашова.

Эске салсак, бүгүн «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов мандатын тапшырып, партиянын курамынан чыгып кеткен. Ал Өмүрбек Текебаев мандатынан ажыратылып, «Жемкорлук» беренеси боюнча айыпталгандан кийин, аталган партиянын лидери болуп турган.