Алматы-Нур-Султан каттамы менен бараткан учак кулап түштү. Ичинде 100 киши болгон (видео)

Автор -

Алматыдан Нур-Султан шаарына жол алган Bek Air компаниясына таандык учакта 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Өлкө ИИМи 9 адам каза болгонун маалымдады.

Алматы аэропортунун маалыматы боюнча, учак жергиликтүү саат 7ден 5 мүнөт өткөндө учуп чыгып, бир аз убакыт өткөндөн кийин радардан көрүнбөй кеткен.

«Bek Air компаниясына таандык учак аэродромдун чегинен тыш жерге кулаган. Тирүү калгандар бар. Кырсыктын жеринде куткаруу кызматтары иштеп жатат» деп айтылат аэропорт тараткан маалыматта. Учак Алматы облусундагы Гүлдала айылынын жанында кырсыкка учураган. Ал эки кабаттуу курулуштун үстүнө түшкөн. Учак түшкөн жер калктуу пункт болгондуктан, жергиликтүү тургундарды эвакуация кылып жатышат.

 

Бөлүшүү