Молдовановка айылындагы № 1 түзөтүү мекемесинде асынып алды делген жаран өз өмүрүнө кол салган эмес. Бул тууралуу анын жактоочусу Алия Турумбековага таянып, 24.kg жазып чыкты.
Жактоочунун айтымында, 23 жаштагы Э.Урматбек уулу жашы жете элек баланы баңгизатын сактоо ишине тартканы үчүн соттолгон.
«Ал каза тапкандан бери бир ай өттү, бирок адистештирилген прокуратура бул окуяга көңүл бөлбөй жатат. Кылмыш иши «Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен иликтенүүдө. Маркумдун туугандары асынып алган адам өлгөндөн кийин кантип кайра өзүн өрттөп жиберет деп түшүнбөй турушат. Анын денесин союп көрүшкөндө, акыркы бир нече күн тамак жебегени аныкталды. Өпкөсүндө ацетондун жыты болгон эмес, демек, денени жаны чыккандан кийин өрттөшкөн. Экспертизага ЖАМК тергөөчүсү да, адистештирилген прокуратура өкүлү да катышкан жок. Маркум асынып алды делген шейшептин кесиндиси күйгөн эмес, ал эми дене таанылгыс болуп күйүп калган», -деп билдирди Алия Турумбекова.
Эскерте кетсек, 2-декабрда Молдовановка айылындагы № 1 түзөтүү мекемесинде соттолгон жаран муунуп каза болгону тууралуу маалымат чыккан. ЖАМК маркум өз өмүрүнө кол салаардан мурун чылым чеккенин, мындан улам денеси бир аз күйүп калганын билдирген.
«Эксперттин айтымында, чылымдын өчүрүлбөгөн калдыгы отургучка түшүп күйүп баштаган. Мындан улам, жарандын денеси жана колдору бир аз күйгөн», — дешкен мекемеден.