Кара-Балта менен Караколдо мониторинг жана баалоо топтору иштей баштады

Автор -
281

Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору (БМжБ) – бул бир гана элдик көзөмөл эмес. Бул өкүлчүлүктөрдүн, аткаруучу бийлик жана жарандык демилгелердин диалогу дагы.

«Шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын ишке ашырууга жарандардын катышуусу» долбоору пилоттук шаарлар Кара-Балта жана Караколдо жемиштүү иштеп жатат.

Долбоорду «Борбордук Азиядагы Евразия Фонду» «Сорос – Кыргызстан» фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырууда.

БМжБ – жарандык коомдун дараметин жогорулатуу

Долбоордун максаты – жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жергиликтүү коомчулук алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу. Азырынча эки гана шаар камтылган, келечекте учурда иштеп жаткан топтордун тажрыйбаларынан алуу менен мындай топторду өлкөнүн дагы башка шаарларында түзүү пландаштырылууда.

Аталган долбоордун алкагында башкы тапшырмалардан болуп пилоттук шаарларда биргелешкен мониторинг жана баалоо топторун калыптандыруу болуп саналат. Топтордун мүчөлөрүнө мониторинг жана баалоонун куралдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, бюджеттик процесстерге катышуу формаларын окутуп, үйрөтөт.

БМжБ тобу мэрия, шаардык кеңеш жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ортосунда үч тараптуу диалогдорду түзүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктү түзөт.

БМжБ тобу легитимдүү. Анын курамы шаардык кеңештин отурумунда бекитилет. Анын жобосу, укуктук статусу, калыптануу тартиби, ыйгарым укуктары, мониторинг жана баалоо жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана улуттар аралык мамилелерге байланыштуу иштер боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан бекитилген жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишмердүүлүгүнө биргелешип мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө Типтүү Жобо менен жөнгө салынат. Топтун ишмердүүлүгүнүн так регламенти БМжБ мүчөлөрү менен биргеликте бекитилет.

Топтун курамы – шаардык кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин жана мэриянын аппаратынын кызматкерлери. Бирок негизги бөлүгүн, жарымынан көбүн, жарандык коомдун өкүлдөрү түзөт, алардын катарында бейөкмөт уюмдардын, ЖМК өкүлдөрү, квартальныйлар, демилгелүү топтордун өкүлдөрү, пенсионерлер дагы болот. Топтордун курамы абдан ар түрдүү, анын уникалдуулугу жана ишинин натыйжалуулугу ушунда турат.

Борбордук Азиядагы Евразия Фондунун өкүлдөрү белгилешкендей, эки шаардын — Кара-Балта менен Караколдун –жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  долбоордун келечектүүлүгүн көрө билүү менен ага катышуусун жакшы баалашты. Анткени шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун негизги максаты анын ачык айкындуулугу жана натыйжалуулугу болуп саналат. Так ушул тапшырмаларды чечүүгө биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жардам берет. Зарыл болгон куралдарга ээ болуу менен топтун мүчөлөрү иш аракеттердин планын өз алдынча түзө алышат жана өз шаарынын социалдык экономикалык өнүгүү программасынын ишке ашуусуна өзү көзөмөл жүргүзөт. Мониторинг жүргүзүү менен топтун мүчөлөрү бөлүнгөн акча каражаты канчалык деңгээлде максаттуу коротулгандыгын баалашат жана жергиликтүү бийлик эске ала турган сунуштарды беришет.

Бийлик менен конструктивдүү диалог

Пилоттук шаарлар – Кара–Балта жана Караколдо – 2019-жылдын декабрында БМжБ топторунун мүчөлөрү үчүн тренингдер болуп өттү, тренинг учурунда катышуучулар мониторинг жана баалоонун куралдары тууралуу билим ала алышты.  Тренер Азамат Мамытовдун айтуусунда, мониторинг жана баалоонун негизги куралдарын өздөштүрүү татаал деле эмес.

— Методика башында мониторинг жана баалоонун жөнөкөй процесстери үчүн иштелип чыккан. Графикалар менен мөөнөттөрү гана камтылган. Мисалы, катышуучулар мектептин чатырын оңдоп-түзөө процессине мониторинг жүргүзүшөт. Топтун мүчөлөрү көрсөтмө боюнча так аракет жасашат – иштин мөөнөтүн текшеришет, процесс кандай жүрүп жатат, пландар кандай жана алар канчалык деңгээлде сакталып жатканына байкоо жүргүзүшөт.

— БМжБ топтору – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачыктыгын жакшыртуучу чечимдерди кабыл алууга шаардыктарды тартуу үчүн жакшы курал, — деп түшүндүрөт эксперт Азамат Мамытов. – Бизде коомчулук мэриянын ишине нааразы болуп келет. БМжБ топторунун аркасында алар бардыгын талкуулай алышат жана компромисстик чечимдерге келе алышат. Балким, шаардыктар оңдоп-түзөө зарыл деп эсептешпейт, айталы, жолду, ал эми бул каражатка паркты бузушат, же болбосо аны кеңейтишет. Айтмакчы, тренингдерде биз биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнөн жана суроолорунан улам келип чыккан иш планын түзүүгө дагы аракет жасадык.

Белгилеп коюу керек, Кыргызстандын борбору Бишкекте да биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору жок. Бул жагынан алганда Кара-Балта жана Каракол алдыда болуп калды. Ал эми чечимдерди кабыл алууга жарандарды тартуу методикасы айрым айыл аймактарында дагы колдонулуп жатат.

Кара-Балта жана Караколдо өткөн тренингдерде тажрыйба алмашуу үчүн Александровка жана Ак-Башат айыл аймактарынан БМжБ топторунун мүчөлөрү чакырылган. Айыл аймактарынын БМжБ топторунун мүчөлөрү биргелешип мониторинг жана баалоо жүргүзүү убагында өздөрү туш болгон кыйынчылыктар жана жетишкендиктер тууралуу айтып беришти. Бул мисал пилоттук шаарлардын муниципалитетин ишке тартууга жана бекемдөөгө жардам берди.

Тренингдердин катышуучулары пайдалуу жана маанилүү маалыматтарды алышты. Мониторинг жана баалоонун куралдарынан тышкары, эми алар ачык булактарда чагылдырган зарыл болгон маалыматтарды дагы таба алышат. Мисалы, мамлекеттик сатып алуулар порталы, онлайн түрүндөгү жарандык бюджет, Каржы министрлигинин сайты жана башка мындан аркы талдоолор үчүн керек маалыматтарды таба турган мамлекеттик структуралардын сайттары бар.

Негизинен тренингдин катышуучулары тарабынан бул тренинг алынган билимди тажрыйба жүзүндө колдонууга жол ача турган ийгиликтүү тренинг катары таанылды. Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты У. Алымкулов: «Тажрыйба жүзүндө өз шаарымда мен топтун ишине активдүү түрдө катышам. Мен үчүн шаардык кеңештин депутаты катары бул тренинг көзүмдү ачты десем болот. Мен негизинен шаарды өнүктүрүүнүн кызыкчылыгы үчүн СЭӨП маанилүү иш-чараларына мониторинг жүргүзүүгө жардам берүүчү куралдарды үйрөндүм»,- дейт.

Белгилеп коюу керек, БМжБ топторунун мүчөлөрүн окутуудан тышкары, долбоордун алкагында жарандык коомдун кеңири чөйрөсү үчүн дагы тренингдер өткөрүлдү. Тренингдердин темасы «Жергиликтүү өз алдынча башкарууга коомдук мониторинг аркылуу коомдук жарандык уюмдардын катышуусу». Тренингдерге коомдук уюмдардын, БӨУ өкүлдөрү, жарандык активисттер, ар кандай ассоциациялардын, демилгелүү топтордун ж.б. өкүлдөрү катышышты. Башкача айтканда, бул адамдар келечекте БМжБ топторунун курамына кире тургандар, же болбосо анын ишине активдүү катышып, же маанилүү демилгелерди алып чыга тургандар. Тренингде алар коомдук мониторингдин куралдары менен таанышышты. Бюджеттик айкындуулуктун муниципалдык индекси, жарандык бюджет эмне экендигин билишти, ошондой эле жарандардын катышуу формаларын айырмалай алышты — коомдук угуу, курултай, жарандардын чыгуулары. Жарандык коомдун мыйзам чыгаруу демилгесин дагы талкуулашты. Жарандык коомдун мүчөлөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине өз алдынча коомдук мониторинг жүргүзө алышат, андан соң жыйынтыктарын БМжБ топтору менен бөлүшө алышат. Мындай жол менен ЖӨБ, мыйзам чыгаруу бийлиги жана жарандык коомчулуктун көбүрөөк натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнө жетиштүүгө болот.

«Баяжан» КБ жетекчиси Ж.Шакирбаева тренинг тууралуу өзүнүн алган таасирлери тууралуу бөлүштү: «Жарандык коомчулуктун уюмдары кандай куралдардын жардамы менен шаардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашырары, мэриянын ишине мониторинг жүргүзө алары тууралуу көп пайдалуу маалыматтарды билдим. Биз, жарандык коомдор, биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору сыяктуу мониторинг жүргүзүүгө активдүү катышып жана таасир этүүнүн куралдары тууралуу биле алдык. Алган билимимди мен сөзсүз түрдө тажрыйбамда колдоном. Ошондой эле билимим менен бөлүшүү жана алынган маалыматты биздин шаардын башка жашоочуларына дагы жеткирүү өзүмдүн милдетим деп эсептейм».