Өкмөт чек ара чатагында каза болгон Муминовдун үй-бүлөсүнө үй алып берди

Автор -

Өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда каза болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкери Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай алып берди. Бул туурасында өкмөт аппаратынан билдиришти.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев резервдик фонддон каза болгон аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө үй алуу үчүн 2 млн сом бөлүү чечимин чыгарган.

Жер тилкелүү турак жай Баткен облусунун Исфана шаарында жайгашкан. Үйдүн жана жер тилкенин документтери каза болгон чек арачынын жубайына катталды.

Бөлүшүү