Торугарт-Эркеч-Там өткөрүү пункту убактылуу жабылат

Автор -

Жаңы жыл майрамына карата кыргыз-кытай чегиндеги Торугарт-Эркечтам өткөрүү пункту жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чектөө 1-январь күнү киргизилет.

Мындай аракет кытай тараптын демилгеси менен ишке ашырылган. Ал эми 2-январда транспорт каражаттарын жана жүк өткөрүү иштеп баштамакчы.