Ошто ашпозчулар чатакташып, бирөөсү бычакталды

Автор -
209

Ош шаарында 35 жаштагы ашпозчу бычакталды. Бул тууралуу өздүк булактарын таянып, Turmush жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Ош шаарындагы ашканалардын биринде ашпозчулардын арасында өз ара пикир келишпестик жаралып, 35 жаштагы А.А. бычакталган.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан билдиргендей, бычакталган ашпозчуну кечээ, 29-декабрь күнү саат 14:40та алып келишкен. Ал учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Бейтаптын боору жабыркаган. Абалы туруктуу.

Бөлүшүү