Кытайдын Кыргызстанга берген насыясы: жомокторго каршы фактылар

Автор -
401

Акыркы убактарда кытай насыялары жөнүндө маселе жана бул насыялык каражаттар жакында Кыргызстандын мойнундагы сыйыртмак болуп калат деген сөздөр көп айтылып баштады. Угуп отурсаң, Пекин насыяны кандайдыр-бир арам ой менен Кыргызстанга таңуулап берип койгондой сезим калат. Бирок бул мындай эмес, болгону кырдаалга ак ниеттик менен караш керек.

Эмне үчүндүр насыяны эмне максатта алышканын жана аны кантип колдонушканын айтууну унутуп калышат. Ошол эле учурда Кытай насыясынын негизги бөлүгү энергетикадагы ири улуттук экономикалык долбоорлорго, жол курууга жумшалган.

Экономика менен аз да болсо тааныштыгы бар адам жакшы инфраструктура (жол) жана үзгүлтүксүз электр энергиясыз экономикалык  өсүш жөнүндө айтуунун кажети жок экенин билет.

Айрыкча, жолдорду, ири энергетикалык объектилерди куруу мультипликативдүү натыйжа берет, башкача айтканда, бетон, цемент жана башка курулуш материалдарын өндүрүүгө түрткү болот, ал өз кезегинде жумушчу орундардын түзүлүшүн жана казынага салыктык кирешелердин түшүшүн шарттайт.

Бирок ири долбоорлорго насыя алуунун мындай «суу алдындагы агымы» тууралуу унчукпай коюуга аракеттенишет, анын ордуна насыя берген  тарапты адилетсиз көрсөтүүчү терс маанайдагы сөздөр айтылат.

Эмне үчүндүр башка мүнөздөгү – эгер кийин нааразы боло турган болсоңор, анда эмнеге насыя алдыңар деген суроо коюлбайт. Адатта насыя берүүчү тарап акчаны конкреттүү бир иш үчүн берет, анткени, өз акчасын кайтарып алууга ал өзү дагы кызыкдар. Насыя берүүчү насыя алып жаткан тарапка жана анын кепилдиктерине ишенет.

Бул жерде күнүмдүк жашоодон алынган бир мисалды айта кетпесе болбойт, ал түшкөн кошумча жана акчалай белектер чыгымдарды жаап, ал тургай киреше алып келет деген ой менен насыяга үйлөнүү-үлпөт, же башка той өткөрүү.

Кийин насыяны да жаап, акчалуу да болуп каласың. Бирок мындай тажрыйба карыздын сазына батууга себеп болот. Банк жаран ал акчага иш ачып, жашоосуна да каражат таап, пайыздарын  да төлөйт деген үмүт менен берет.

Бирок көп учурда  болуп келгендей, зайымчы насыяны ойлонбой коротуп салат да, сүткорлукка айыптап, опузалап, карызды жоюуну талап кылып баштайт. Баары саясий мүнөзгө ээ болуп баштайт, насыя алгандар биригишип, өкмөткө басым жасап, керек болсо радикалдуу чаралар менен коркутат.

Өкмөт кээде кысымга алдырып,  банктарга басым жасоочу чараларды көрүп баштайт. Бирок каршылыкка кабылып, бир катар социалдык көйгөйлөр боюнча чыгашаларды кыскартуу менен бюджеттин эсебинен насыя алгандардын карызынын кайсы бир бөлүгүн төлөп берет.

Кытайдын насыясы деле  болжол менен дал ушундай.

Окуянын өнүгүшүнүн башка варианты — өз кызыкчылыгын көздөгөнү ачык байкалып турган адам тарабынан иштелип чыгып, коомчулукка жайылтылган «кара жомокту» кармануу.

Биздин учурда баары насыянын туура эмес пайдаланылганын жана уурдалганын жашырууда абдан ыңгайлуу болгон геосаясий мааниге ээ.

Жыйынтыгында «кытай экспансиясы» ыктымалдыгы тууралуу жомокторду көбүртүп–жабыртып, чындыктай көрсөтүп туруу пайдалуу көрүнөт.  Бул совет доорунда акча жетпей калганын билгизбөө үчүн  дүкөндү, же соода базасын өрттөп жиберишкен тажрыйбаны катуу эске салат.

Кытай насыясы тегерегиндеги абалды АКШ да колдонуп, өзүнүн үгүттөөчү машинасын болгон кубаттуулукта иштетип жатат.

Бирок… Акыйкаттык үчүн айта кетиш керек, АКШ ошол эле СУАРдагы  уйгурларды ар дайым жактап келген  деп айтууга болбойт, тескерисинче, Синьцзяндагы террордук чабуулдарды айыптап,  КЭРдин билдирүүлөрүнө  макул болуп келген.

«Соода согушунун» башталышы менен кырдаал кескин өзгөрдү. Мындай айтканда, АКШга Кытай өзүнүн ийгиликтери менен дүйнөлүк гегемондун кадыр-баркына доо кетирип, дүйнөгө таасирин күчтөп жатканы жакпай калды.

Бул жерде Ооганстан менен салыштырып караса болот, совет аскерлери киргенде расмий бийликке каршы чыгып жаткандар батыш маалымдоо каражаттарында «көтөрүлүшчү», «эркиндик үчүн күрөшүүчүлөр» деп аталган. Баса, алардын арасында болочоктогу №1 террорист Усама бен Ладен да болгон. Кийин АКШнын аскерлери киргенде, ошол эле талиптер жана башка «көтөрүлүшчүлөр» «террорист» атыгып калышты.

Башка тарабынан алганда, ички саясий себеби да бар, Трамп «соода согушун» өзүнүн шайлоодогу атаандашы, Кытайда жигердүү бизнес менен алектенип келе жаткан, ошол себептен Кытай менен соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүүгө кызыкдар болгон  Жозеф Байденге залал келтирүү үчүн баштады.

АКШнын санкцияларынан улам эми америкалык бизнес Кытайдагы бизнесин жаап, жолго коюлган өндүрүшүн токтотуп, ири базардан ажыроого аргасыз.

АКШ бийлиги «соода согушу» менен токтоп калган жок, андан ары кетти, эми КЭР этникалык азчылыктын жана алардын Борбор Азиядагы уруулаштарынын улуттук сезимине ойноп баштады.

Жыйынтыгында «уйгур маселеси» келип чыкты, болгондо да диний таанымына басым жасоо менен. Кыргызстандагы жана аймактын башка мамлекеттериндеги исламдын кайра жаралуусунун фонунда бул абдан туура эсеп болду.  Кытай ишке ашырып жаткан экономикалык долбоорлор дароо эле үгүттөөчүлөрдүн соккусуна тушукту.

Жана бул жерде кызыкчылыктар дал келишти, колу таза эмес өкмөт, бийликтеги элиталар жана башкалар насыянын туура эмес колдонулушун жана уурдалышын жашыруу үчүн «коркунучтуу жомокторду» пайдаланууну чечишти. Анын үстүнө америкалык грантта отурган жарандык активисттер «көчөнү» жылытып турушат.

Алар Кытайдагы этникалык кыргыздардын оор абалы тууралуу айтышып, мамлекетти карызга батыруу жолу менен ишке ашчу «кытай эспансиясы» тууралуу жомокту көбүртүп –жабыртып айтып келишет. Бирок эмнегедир Пекин насыяны кыргыз тарап сунуштаган конкреттүү бир долбоор үчүн бергени айтылбайт.

Кайра эле күнүмдүк жашоодон мисал келтиргиң келет. Адам иш ачайын деп, бизнес-долбоор жазып, банкка барат. Ага акча беришет, андан ары такыр башка окуя орун алат.

Долбоорду ишке киргизгенден кийин зайымчы насыя боюнча үзгүлтүксүз төлөмдөрдү унутуп,  түшкөн пайданы зайымчы ойлонбой  чачып баштайт. Жыйынтыгында банк санкция колдонуп, ишкерге мыйзам аркылуу басым жасап баштайт.

Бул болушунча жумшак варианты, мындан да кайгылуу варианты бар- анда акчаны алган адам такыр башка нерсеге коротот.

Мамлекеттик деңгээлде мындан да жаман болот, ар ким подрядчик катары «өз кишисин» тыгууга аракет кылып, алар акчаны коротуу, жасалган иштин наркын жогору көрсөтүү менен алек болушат.

Жыйынтыгында элге абалды оор кылып, тышкы карыз өсүп жатканын  көрсөтүп, кытайларга каршы коркунучтуу жомокторду айтып башташат.

Баары башкача деле болмок, ошол эле Кытайдын насыясына көп эле өлкөлөр жакшынакай өнүгүп жатышат, алардын арасында Өзбекстан сыяктуу биздин коңшулар да бар.

Демек, коркунуч насыяда эмес жана «Пекиндин кара ниеттүү планында» эмес. Насыя бул жөн гана каражат, аны менен сен ийгиликке жете аласың, болгону ак ниеттүүлүк менен жана туура  иштетиш керек. Уурдай берсең, карыздын сазына батасың. Тандоо өз колубузда.

Бөлүшүү