Иранда 180 жүргүнчүсү бар учак кулады (видео)

Автор -

Бүгүн, 8-январда Тегерандын аэропортунда Украинага таандык Боинг 737 учагы кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

«Учак Тегерандын Имам Хомейни атындагы Эл аралык аэропортунан көтөрүлгөндө «техникалык мүчүлүштүктөн улам кулаган. Бортто 180 жүргүнчү болгон. Азырынча каза тапкандар жана жабыркагандар тууралуу маалымат айтыла элек. Учактын кырсыкка кабылганын аба майдандын жетекчилиги тастыктады», — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү