Ирандагы учак кырсыгынан каза тапкандардын арасында кыргыз жарандары жок

Автор -

Тегеран аэропортунун жанында кулаган украиналык учакта каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Ирандагы элчилиги кырсыктан соң тактоо иштерин жүргүзгөн.

Бүгүн Тегерандагы Имам Хомейни аэропортунун жанында «Боинг 737-800» үлгүсүндөгү украиналык учак кулаган. Анын ичиндеги бардык жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү мерт болду. Кырсыкка техникалык мүчүлүштүк себеп болушу мүмкүн экени айтылууда

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү