Өзбекстанда аял 3 айлык наристени 400 долларга сатмакчы болгон

Автор -

Өзбекстандын Ташкент облусунда үч айлык баласын 400 долларга сатууга аракет жасаган аял кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн ИИМинин Терроризм жана экстремизм менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы билдирди.

Окуя 3-январда болгон. Учурда ымыркай энесинен алынып, Ахангаран шаардык балдар ооруканасына өткөрүлүп берилди.

Тергөө учурунда кармалган аял Ахангаран районунун тургуну экени жана ишсиз жүргөнү аныкталган. Ага карата «18 жашка жете элек кишини соодалоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул берене боюнча 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Бөлүшүү