Жайыл районунда кошуналардын чатагы адам өлүмү менен аяктады

Автор -
Иллюстрациялык сүрөт

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда адам өлүмүнө шектүү делген жаран кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-январда милицияга Ставрополовка айылындагы үй-бүлөлүк жаңжал тууралуу билдирүү келип түшкөн. 31-декабрда жаңы жылдык майрам учурунда 47 жаштагы Х.В. мергенчи мылтыгы менен кошунасы 46 жаштагы М.Э.ни атып салганы аныкталды.

«Октон алган жаракатынан улам М.Э. ооруканага бараткан жолдо каза болду. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп билдиришти ОИИББдан.

Бөлүшүү