Шаардык сот экс-президенттин жактоочуларынын 7-канал боюнча доо арызын карайт

Автор -

Бишкек шаардык соту бүгүн, 9-январда Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын Октябрь райондук сотунун 7-канал боюнча чыгарган чечимине байланыштуу доо арызын карайт. Отурум саат 10:00 башталат.

Эскерте кетсек, экс-президенттин өкүлдөрү Атамбаевге таандык каналды рейдерлик басып алуу аракети жүрүп жатканын билдиришкен.

Алардын маалыматына караганда, Алмазбек Атамбаев жана «Апрель» коомдук фонду 2018-жылдын апрель айында 7-каналды мурунку ээси Майрамкүл Мамбеталиевадан сатып алышкан. Канал 7 миллион сомго бааланган.

Бирок, бир канча убакыт өткөндөн кийин жогоруда айтылган айым сотко кайрылып, келишимди жараксыз деп табуу өтүнүчүн келтирген. Келишимдеги кол тамга жасалма экенин, каналдын сатылып кеткенин билбестигин айткан. Октябрь райондук соту анын пайдасына чечим чыгарган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү