Бишкек шаардык соту 7-канал боюнча чечимди күчүндө калтырды

Автор -

Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын Октябрь райондук сотунун 7-канал боюнча чыгарган чечимине байланыштуу доо арызын четке какты. Отурум бүгүн, 9-январда болуп өттү.

Эскерте кетсек, экс-президенттин өкүлдөрү Атамбаевге таандык каналды рейдерлик басып алуу аракети жүрүп жатканын билдиришкен.

Алардын маалыматына караганда, Алмазбек Атамбаев жана «Апрель» коомдук фонду 2018-жылдын апрель айында 7-каналды мурунку ээси Майрамкүл Мамбеталиевадан 7 миллион сомго сатып алышкан.

Бирок, бир канча убакыт өткөндөн кийин Мамбеталиева сотко кайрылып, келишимди жараксыз деп табуу өтүнүчүн келтирген. Келишимдеги кол тамга жасалма экенин, каналдын сатылып кеткенин билбестигин айткан. Октябрь райондук соту анын пайдасына чечим чыгарган.

Экс-президентке жакын булактар 7-каналды рейдерлик жол менен азыркы бийликке жакын адамдар өзүнө тартып алуу аракетин көрүп жатканын билдиришет. Ал эми М. Мамбеталиеваны курал катары колдонуп жатканын айтышууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү