Эл аралык күрөш федерациясы Айсулуу Тыныбековага 20 миң доллар төлөп берет

Автор -

Спортчу Айсулуу Тыныбековага Эл аралык күрөш федерациясы 20 миң доллар төлөп берет. Бул тууралуу федерациянын сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын аягында федерация дүйнө жүзүндөгү кыз-келиндер арасындагы эң мыкты балбандардын үчилтигин жарыялаган. Аталган тизмеде кыргыз балбаны 94 упай менен 2-орунду ээлеген.

Бул үчүн федерация Тыныбековага 20 миң доллар төлөп берет. Ал эми дүйнөдөгү эң мыкты балбан болуп америкалык Тамира Менса аталган, ага федерация 30 миң доллар төлөп берет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү