Бишкекте кызматынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, бажы кызматкери кармалды

Автор -
529

Мамлекеттик бажы кызматынын 38 жаштагы кызматкери 253 миң 500 долларлык тамеки заттарын бажы транзитине мыйзамсыз киргизүүгө шектелип камакка алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматта: «Латвия өлкөсүнөн Кыргызстан аркылуу Афганистанга бара жаткан, жалпы суммасы 253 500 АКШ долларын түзгөн тамеки заттарын мамлекеттик бажы кызматы тарабынан уруксаатсыз бажы транзитине киргизүү фактысы аныкталды.  Бул факты боюнча 2020-жылдын 9-январында мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери 1982- жылкы М.Б. аттуу кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык процессуалдык кодексинин 98- беренесине ылайык шектүү катары Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», -деп айтылат.

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш уланууда.