Баткен облусундагы Дахма жергесинде тажик тараптан мергенчилик куралдан аткылоо токтоду. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашты.
Эскерте кетсек, коңшу мамлекет менен чектешкен аймакта түндө кайра чыр чыккан. Алгач Баткен районунун Жака-Өрүк жергесинде 9-январдан 10-январга караган түнү саат 00.40дө белгисиз адамдар кыргыз жаранынын унаасын таш менен уруп, өздөрү Тажикстанга кире качышкан. Унаанын арткы жана капталдагы айнектери талкаланып, ичиндеги жарандар жаракат алышкан.
Бир сааттан кийин мындай окуя Көчө-Карын жергесинде кайталанган. Анда Баткенден Көк-Ташка бараткан кыргыз жаранынын унаасынын маңдайкы айнеги талкаланган.
Болжол менен саат 02.40 мүнөттө Дахма жергесинде кыргыз жаранынын үйүнө таш ыргытышкан. Ал жарандыкына бара жаткан милиция кызматкерлери менен чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окко учурашкан.
Чек ара кызматы учурда чек ара тилкесиндеги жагдай «чыңалуу элементтер менен коштолуп, салыштырмалуу туруктуу» деп мүнөздөйт. Баткен облусунда жайгашкан чек ара тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайлары штаттык режимде иш алып барышууда.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде күч түзүмдөрдүн иш-аракетин Баткен облусунда жүргөн КР МЧКнын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысы полковник Абдикарим Алимбаев координациялап жатат.