Орусиянын Рязань облусунда болгон жол кырсыгынан кыргыз жараны жабыркады. Бул туурасында Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 12-январда Бишкек убактысы менен саат 05:30да болгон. Анда 3 адам каза болуп, 5 адам оор жаракат алган.
[ads-quote-center cite=’дейт басма сөз кызматынан.’]«Жаракат алган кыргыз жараны унаалардын биринде жүргүнчү катары бара жаткан. Учурда ал ооруканада», [/ads-quote-center]Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Москва — Астрахань унаа жолунун 386-чакырымында орун алган. Анда «Лада Ларгус» унаасы менен «Хендай Соларис» унаасы кагышкан.