Орусиядагы жол кырсыгында кыргыз жараны жабыркады

Автор -

Орусиянын Рязань облусунда болгон жол кырсыгынан кыргыз жараны жабыркады. Бул туурасында Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 12-январда Бишкек убактысы менен саат 05:30да болгон. Анда 3 адам каза болуп, 5 адам оор жаракат алган.

«Жаракат алган кыргыз жараны унаалардын биринде жүргүнчү катары бара жаткан. Учурда ал ооруканада»,
дейт басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Москва — Астрахань унаа жолунун 386-чакырымында орун алган. Анда «Лада Ларгус» унаасы менен «Хендай Соларис» унаасы кагышкан. 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү