Ош шаарында экс-мэрдин инисин сабап кетишти

Автор -

Ош шаарында мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевдин иниси Улан Раимбековду сабап кетишти. Бул туурасында Ош шаардык милициядан билдиришти.

Окуя Түштүк-Чыгыш кичирайонунда 11-январга караган түнү болгон. Ур-токмокко кабылган жаран облустук ооруканага жаткырылган. Учурда милиция бул кылмышка «Казак» деген каймана аты бар кылмыштуу топ мүчөсүнүн тиешеси бар-жогу тактап жатат.

«Окуя болгон жерге дароо уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш бөлүмчөсүнүн кызматкерлери барышкан. Токмоктолгон бала ооруканага түшкөн. Биз «Казакты» декабрда жаш кызды зордуктап койгону үчүн камаганбыз. Аны «үйүңө жеткирип коём» деп уруп-сабап зордуктаган. Биз камагандан кийин сот кайра 8-январда үй камагына чыгарып жибериптир», — деп билдирди Сыдыков.

«Казак» буга чейин бир канча ирет «Уурулук» жана «Каракчылык» беренелери боюнча соттолуп чыккан. 2019-жылдын октябрь айында жашы жете элек 16 жашар кызды зордуктаган деп айыпталган. Андан мурун Ош шаарындагы кафелердин биринде 23 жаштагы балага бычак сайып жибергени үчүн кармалган.

Бөлүшүү