Атамбаевдин камакта калуу мөөнөтү 15-мартка чейин узартылды

Автор -

Бүгүн, 14-январда УКМКнын имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум болуп өттү. Ага мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов катышты, деп жазды Super.kg

Ал эми Алмазбек Атамбаев отурумга катышпаганын анын жактоочусу Сергей Слесарев айтты.

[ads-quote-center cite=’ — деди жактоочу.’]«Отурумда Алмазбек Шаршеновичтин баш коргоо чарасы жана соттук териштирүүнүн мөөнөтү тууралуу маселе каралды. Мыйзам боюнча Атамбаев камакта эмес, мамлекеттик күзөт кызматынын коргоосунда болушу керек. Ага карабай камакта калуу мөөнөтү дагы 15-мартка чейин узартылды. Учурда Алмазбек Шаршеновичтин абалы жакшы. Кийинки отурумда соттук териштирүүнү Биринчи Май райондук сотунун имаратында өткөрүү боюнча өтүнмө кылабыз»,[/ads-quote-center]

Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө «коррупция» беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.