Баткенде кызынын мурунку күйөөсүн атып салган жаран 13,5 жылга кесилди. Бул тууралуу айыпталуучунун кызы Асолатхон Жалолхон кызы билдирди, деп Super.kg жазды.
Маалыматка караганда, Лейлек райондук сотунун өкүмү 10-январда чыккан.
«Биз соттон бир аз болсо дагы азыраак жыл күтүп жатканбыз. Бирок сот 13 жыл 6 ай берди. Облустук сотко кайрылбайбыз. Андан көрө атама ден соолук берсин. Өзүбүзгө сабыр тилейм. Азыр кичине кызым менен апама каралашып, чогуу жашап жатабыз», — деген соттолгон жарандын кызы.
Окуянын чоо-жайы:
Былтыр 27-октябрь күнү саат 00:30 чамасында Бешкент айыл аймагынын 25 жаштагы тургуну үйүнөн сыртка чыгып, кайра кирип бара жатканда белгисиз жаран ок атуучу курал менен сол желкесине аткан. Ок чыгарган жаран окуя болгон жерден изин жашырып, качып кеткен. Ал эми үй ээси алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон. Шектүү катары ошол эле айылдын 48 жаштагы тургуну, маркумдун мурдагы кайнатасы кармалган. Шектүү жаран өзүнүн көрсөтмөсүндө, окуя үй-бүлөлүк маселелерден улам келип чыкканын билдирген. Анын айтымында, кызы менен күйөө баласы ажырашып кеткен. Күйөө баласы 3 ай мурда башкага үйлөнгөн. Ошого карабай маркум биринчи аялына күн көрсөтпөй жүргөн. Маркум биринчи аялына жуучу түшүп келген адамдарды дагы сабаган. Мындан тышкары, куда, кудагыйлардын мамилеси башынан эле жакшы болбой келген. Шектүү күйөө баласын коркутуп коймокчу болгонун айткан.