«Ош-аэропорт» көзөмөл-өткөрүү бекетинен мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды. Бул максатта ал эгизинин паспортун колдонгон, деп билдирет Мамлекеттик чек ара кызматы.
Москва-Ош каттамы менен келген 20 жаштагы кыргыз жараны А.У. паспорттук текшерүүдөн өтүп жатып, чек арачыларга жалпы жарандык паспортун көрсөткөн. Аны кароо учурунда сүрөттө айрым дал келбестиктер табылган.
Сурак маалында кармалган жаран чек араны кесип өтүү үчүн эгизинин паспортун колдонгонун мойнуна алган. Түгөйлөрдүн сырткы келбети, бет түзүлүшүнүн айрым өзгөчөлүктөрүн эске албаганда, абдан окшош болгон.
Тийиштүү кагаздар толтурулгандан кийин мыйзам бузган жаран УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.