Орусиядагы жол кырсыгында кыргыз жарандары катуу жаракат алышты (видео)

Автор -

Орусиядагы жол кырсыгынан 8 кыргызстандык жабыркады. Кырсык 14-январь күнү Оренбург-Самара унаа жолунун 181-чакырымында болгон, деп жазышат жергиликтүү ЖМКлар.

Маалыматка караганда үч унаа кагышкан — эки Mercedes-Benz Sprinter жана Honda Stepwgn. Эки Mercedes-Benz Sprinter унаалары бирден Opel жүктөп баратышкан. Алдыдагы жүк ташуучу Mercedes-Benz Sprinter унаасы карама-каршы тилкеге чыга калып, Honda Stepwgn менен сүзүшкөн.

Mercedes унаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү өзбек жарандары болгон, алар жабыркашкан эмес. Honda Stepwgn унаасындагы 8 кыргыз жараны ооруканага жеткирилген. Алардын үчөө жандандыруу бөлүмүнө түшсө, бешөө райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү