Ысык-Көлдө үй өрттөнүп, 50 жаштагы киши каза тапты

Автор -
Иллюстрация
Ысык-Көл облусунун Кутургу айылында үй өрттөнүп, 50 жаштагы киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт бүгүн, 15-январда таңкы 6:30 чамасында чыккан. Саат 7:20ларда жалын чектелген.
Тилсиз жоонун кесепетинен 1969-жылы туулган С.У. аттуу эркек киши күйүп, каза болгон. Өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү