Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жайда мурунку милиция кызматкери асынып алды

Автор -

Жалал-Абад шаарынын убактылуу кармоочу жайынан соттолгон кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти, деп жазат 24.kg

Маалыматка караганда, сөөктү 14-январда камералардын биринен табышкан.

«Экспертизанын жыйынтыгында 42 жаштагы кишинин денесинен эч кандай кыйноонун издери табылган жок. Анын мойнунан жип табылды. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Каза болгон жаран мурда милиция болуп иштеген, аны терс мотивдер боюнча кызматтан кетиришкени маалым болду. Ага карата «Документтерди жасоо», «Куралдарды мыйзамсыз сактоо», «Каракчылык», «Баңгизатын мыйзамсыз сактоо жана таратуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Биринчи инстанциянын соту аны 7 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялаган. Учурда Жалал-Абад облустук соту ишти карап жатат», — деп билдиришти ОИИББдан.

Бөлүшүү