Айсулуу Тыныбекова Италияда өткөн турнирде алтын медалга ээ болду

Автор -

Италияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Matteo Pellicone эл аралык турниринин финалында кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова алтын медаль утту. Финалдык беттеште Айсулуу орусиялык балбан Любовь Овчарова менен кез келип, 7:2 эсебинде утушка жетти.

Эске салсак, Айсулуу буга чейин Түркияда өткөн күрөш боюнча эл аралык мелдештен да алтын медаль уткан. Ошентип, Тыныбекова 1 жуманын ичинде Кыргызстанга эки алтын медаль алып келди. 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү