Алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн кыргыз жараны Москвадан табылды

Автор -

Алдамчылыкка шектелип, УКМК тарабынан издөөдө жүргөн Баткен облусундагы мурунку мамлекеттик кызматкер Москвадан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

40 жаштагы Г.А. 2011-2015-жылдары Баткен облусундагы коммуналдык кызматта оператор болуп иштеп, төлөнгөн акчаларды кабыл алган. Бирок акча толугу менен казынага түшкөн эмес, тактап айтканда, акчанын бир бөлүгүн өзүнө алып, дүмүрчөккө башка сумманы жазып жүргөн. Шектүү мамлекетке ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирген.

«УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ага карата  «Алдамчылык» жана «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон. Бирок шектүүнү кармоого мүмкүн болбой, эл аралык издөө жарыяланган. Бир нече жылдан кийин шектүү кармалды. Ушул жылдын январь айында издөө иш-чараларынын жүрүшүндө колго түштү. Ал Россияда жашырынып жүргөн. Аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мекенине которуу маселеси каралып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү