Бишкек — Торугарт унаа жолундагы кырсыктан эки адам каза тапты

Автор -

Бишкек — Торугарт унаа жолундагы кырсыктан эки адам каза тапты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, дагы жети адам түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Кырсык жолдун Кең-Булуң аймагында болгон. Volkswagen Vento каршылаш тилкеге чыга калып, анда келе жаткан Toyota Avensis менен кагышкан.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр автокырсыктардан баш-аягы 529 киши каза болгон. Бул андан мурунку жылга салыштырмалуу 9,2% көп. 2018-жылы автокырсыктан 484 адам өлгөн.

Бөлүшүү