Курсан Асановдун иши боюнча журналист камакка алынды

Автор -

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча суракка чакырылган  «Чындык» гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбеков камакка алынды. Бул тууралуу юрист Чынара Жакупбекова маалымат каражаттарына билдирди.

Анын айтымында, журналист бүгүн ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш ишинин алкагында Аскер прокуратурасына суракка чакырылган.

Турсунбек Бейшенбеков сурактан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алдын ала маалыматтар боюнча редакторго гезитке басуу үчүн милиция тарабынан жашыруун маалымат берилгени айтылат.

Журналист Курсан Асанов менен эч кандай тааныш-билиштиги жок экенин айтып келет.

Эске салсак, Курсан Асанов Кой-Таш окуяларынан кийин «милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан бошотулган. Ага карата кылмыш иши козголгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү