Матраимовдордун доосу боюнча соттук отурум уланат

Автор -
Матраимовдордун жактоочулары

Бүгүн, 20-январда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, кабарчы Али Токтакуновго, Kloop.kg жана 24.kg сайттарына каршы жазган доо арызы боюнча экинчи сот отуруму өтөт. Бул туурасында Kloop.kg сайтынын негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер Facebook социалдык тармагында билдирди.

Анын айтымында, иштин мазмуну боюнча соттук жараян саат 14:00дө башталат.
Эскерте кетсек, 19-декабрдагы баштапкы угууда доочулардын адвокаттарынын өтүнүчү менен видеого тартууга тыюу салынган.