Кытайдын бир нече аймактарында, ошондой эле Таиландда, Японияда жана Түштүк Кореяда жалпысынан 220 адам бул белгисиз вирусту жугузуп алганы маалым болду.
Кытайдын саламаттык сактоо мекемеси 20-январда ырастагандай, жаңы коронавирусту 15 медицина кызматкери жугузуп алган. Алгач бул вирустан өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан Ухань провинциясында 89 жаштагы карыя каза тапкан.
Вирустун жайылышы боюнча тынчсыздануу Кытайда 25-январда белгилене турган Жаңы жылына байланыштуу күч алды. Анткени майрам күндөрү Кытайдын ичинде жүз миллиондогон адамдар ары-бери саякаттап, тууган-уругуна конокко барышат.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 21-январда шашылыш жыйын өткөрүп, белгисиз вирусту талкуулады. Австралиянын бийлиги Ухандан келген бардык жүргүнчүлөрдү текшере баштай турганын жарыялады.
Ал эми Кошмо Штаттардын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча борбору 18-январда билдиргендей, Сан-Франциско, Лос-Анжелес жана Нью-Йорк аэропортторунда Кытайдын борбордук бөлүгүнөн баргандардын баары текшерүүдөн өткөрүлөт.