Салмагы 440 килограммды түзгөн пакистандык балбан өзүнө жар издейт

Автор -

Салмагы 440 килограммды түзгөн пакистандык балбан Арбаб Хизер Хайат (Arbab Khizer Hayat) озүнө өмүрлүк жар издеп жатканын жар салды. Анын салмагы 100 килограммдан аз болбошу керек, деп жазат Лента.ру.

27 жаштагы Хайат акыркы жылдары эки жүздөн ашык кыздан баш тартканын билдирди, себеп- алардын арыктыгы. Балбан өтө арык кызга үйлөнсө, салмагы менен аны басып өлтүрүп алам деп чочулайт.

«Менин ата-энем үйлөнүшүмдү каалашат. Небере жыттагылары келет, бирок мен үйлөнө турчу кызды таба элекмин», — дейт ал.

Пакистандык балбан үчүн болочок жарынын бою да маанилүү. Хайат өзү 198 сантиметр болгондуктан, «чогуу басканда жарашып калыш үчүн»  жубайынын бою 193 сантиметрден аз болбосо дейт.

Ошондой эле, кыздын тамакты даамына чыгарып жасай билиши да маанилүү. Пакистандык бир күндө 10 миң калорийди түзгөн тамак жейт. Эртең мененки тамагына 36 жумуртка кетсе, күндүн калган бөлүгүндө 3 килограмм эт, 5 литр сүт жана бир нече мискей күрүчтү түгөтөт. Буга карабай, ден соолук жагынан көйгөйү жок экенин билдирет.

Хайат оор атлеттердин жана балбандардын эл аралык мелдештерине катышат. Ал тракторду арканга байлап тартып бараткан видеосунун арты менен атактуулукка жетишкен жана Пакистанда эң күчтүү эркек болуп эсептелинет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү