Коронавирустан улам глобалдык эпидемия жарыяланышы мүмкүн

Автор -

Өпкөнү сезгентүүчү жаңы вируска байланыштуу глобалдык эпидемия жарыяланышы мүмкүн.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытай бийлигинин жугуштуу вирустун жайылып кетпеши үчүн жасап жаткан аракеттерин жогору баалады. «Бул өтө маанилүү. Алар оору өз өлкөсүндө күчөп кетпеши үчүн гана эмес, эл аралык деңгээлде тарап кетпеши үчүн да аракеттенип жатышат», — деди уюмдун башкы директору Тедрос Гебреус.

Кытай бийлиги оорунун очогу болгон Ухандан адамдарды чыгарбоону чечкен. 22-январдан тартып бардык каттамдар токтотулду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 23-январь күнү вируска байланыштуу глобалдык эпидемия кырдаалын жарыялоо маселесин карайт. Эгер ошондой чечим кабыл алынса бул акыркы он жылдыктагы алтынчы эл аралык маанидеги чукул кырдаал болот. Буга чейин Эбола жана Зика вирустарына байланыштуу глобалдык эпидемия кырдаалы жарыяланган. 2002-2003-жылдары Кытайдын түштүгүндө жайылган SARS вирусу 50 млрд. доллар чыгашага алып келген.

Өпкөнү сезгенткен жаңы вирустан өлгөн адамдардын саны 17ге жетти. Өлкөнүн саламаттык сактоо мекемеси коронавирусту 450дөн ашык адам жугузуп алганын кабарлады жана жарандарды илдет биринчи катталган Ухань шаарына барбоого чакырды.

Вирусту жугузуп алгандар АКШда, Японияда, Түштүк Кореяда жана Таиландда да катталды.