Момбеков президентке: Өкмөттүн тизгинин кагып коюңуз

Автор -

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков президентке кайрылып, өкмөттү тартипке келтирүү керектигин айтты.

«Чычкан жылы башталбай эле, чыйкан жылы башталып кеттиби, мен түшүнбөй калдым. Жыл башталбай жатып, эмне балекет жылан чагып жиберди, бир вице-премьер-министр элеттеги элдин жашоосун эшектердин азайганына теңеди. Дагы бир вице-премьер чек арадан чыдабай, чыгып кеткен адамдарды «чыккынчы» деди. Кечээ дагы бир өкмөттүн өкүлү «галстугуңар жок» деп мугалимдерди зекип атат. Баткендеги адамдардын жашоосу галстук менен оңоло турган болсо, бюджеттен акча бөлүп галстук сатып берели. Бул эмне деген дөөпөрөстүк? Элдин кыжырына өздөрү тийип жатат. Башка иштери жокпу? Сооронбай Шарипович, Орусиянын өкмөтү отставкага кетти, Шахват Мирзиёев өзүнүн өкмөтүн кетирди. Биздин өкмөт кутуруп кетти. Жеңиш Разаковду тыңчы деген үчүн бир генералга кылмыш иши козголду. Чындыкты жазган «Чындык» деген сайттын башчысын камакка алды. Өзү болсо элди чыккынчы деди. Ошол жердеги эл чыккынчы деген соттун чечими барбы? Элге эмнеге тийишет? Сооронбай Шарипович, эртең Коопсуздук кеңеште өкмөттү тартипке салып коюңуз, тизгинин кагып коюңуз. Болбосо өкмөт элге эрегишип алыптыр, эл энесин таанытып коёт», — дейт Момбеков.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү