Кыргызстан жана Катар мамлекеттеринин ички иштер министрлигинин башчылары коопсуздук багытында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Катар мамлекетинде кызматтык иш сапары менен жүрөт. Бүгүн, 24- январда Катардын борбору Доха шаарында Кашкар Жунушалиев Катар мамлекетинин премьер-министри, ички иштер министри Абдулла бин Насир бин Халифа аль Тани менен жолугушту. Жыйында кыргыз-катар мамлекеттеринин аймактык коопсуздук кызматташтыгы жөнүндө маселелер каралды.
Жолугушуу учурунда уюшкан кылмыштуу топторго, киберкылмыштарга, наркотикалык заттарды мыйзамсыз алып өтүүлөргө, акчаларды мыйзамсыз өндүрүүгө, терроризмге каршы туруу жана маалыматтык технологиялар жаатындагы кылмыштарга тийиштүү маселелер каралып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Аны менен катар эле, Кыргызстан жана Катар мамлекеттеринин ички иштер министрликтеринин артыкчылыктуу кызматташуусунун алкагында эл аралык кылмыштарды алдын алуу, күч структураларынын тажрыйба алмашуу багытында иш алып баруу жана келечектеги кызматташуунун практикалык багыттары каралды.
Кашкар Жунушалиев Катар ИИМинин бир катар структуралык бөлүмдөрүнө баш багып, алардын кылмыштардын бетин ачуудагы, коомдук тартип сактоодогу техникалык жабдуулары жана методдору менен таанышып өттү.
Кызматтык иш -сапар учурунда Кыргыз Республикасынын жана Катар мамлекетинин ички иштер министрликтеринин эл аралык өз ара кызматташуусунун жаңы баскычтары кеңири талкууга алынды. Ошондой эле эки тараптын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтында каралган маселелерди ишке ашырууну камтыган иш чаралардын негизги багыттары белгиленди.