Мамлекеттик экотехинспекция жетекчисин кызматтан алуу сунушталды

Автор -
Коопсуздук кеңешинин кезектеги отурумунун жыйынтыгы менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция башчысы Жолдошбек Жунушевди кызматтан алуу сунушталды. Бул тууралуу кеңеш катчысы Дамир Сагынбаев журналисттерге билдириди.
Анын айтымында, Жунушев жетектеген кызматтын алты кызматкери системалык түрдө пара талап кылуу фактысы менен кармалган. Инспекцияда Коопсуздук кеңешинин чечимдери аткарылбаган учурлар бар.
Пара талап кылууга шектелген кызматкерлер Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 2019-жылы кармалган. Пландалган иш чаралардын жүрүшүндө мекеменин ишмердүүлүгүндө туруктуу коррупциялык система калыптанганы ачыкталып, токтотулган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү