Коронавирустун эпицентри болгон Ухань шаарында 50 кыргызстандык жашайт. Бул тууралуу бүгүн 27-январда Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев өкмөттүн жыйынында билдирди.
ТИМдин маалыматында, Уханда жашаган кыргыздардын көпчүлүгү студент болгондуктан, алар Кытайдагы жаңы жылдык эс алуу учурунда Кыргызстанга кайтып, же Кытайдын башка региондоруна кетишкен. Учурда аталган шаарда 14 студент жана 1 бизнесмен бар.
«Кыргыз жарандары өз калоосу менен Кытайдан учуп кетүү мүмкүнчүлугү бар», — дейт Нуран Ниязалиев.
Эскерте кетсек, Кытай боюнча коронавирус жайылууда. 26-январга карата дүйнө жүзүндө 2 миңден ашуун киши бул вирусту жуктуруп алышкан. Кытайда каза болгондордун саны 80ге жетти.