Жалал-Абад шаарында мас абалында унаа башкарып бара жатып экинчи машина менен кагышты делген судья Элмира Сулайманованы кызматынан бошотуу сунушу президентке жөнөтүлдү. Бул туурасында Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 5-январда маалымат каражаттарында «Судья корпоративден кийин жол кырсыгына кабылды» деген кабар тараган. Анда Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманованын аракеттери судьялардын кадыр-баркына шек келтиргени айтылган. Окуядан кийин Сулайманова ага протокол толтурган автоинспектордун үстүнөн өзү иштеген шаардык сотко арыз жазган.
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 5-1-беренесине ылайык, сот КР судьясынын Ар-намыс кодексинин талаптарын сактоого милдеттүү экендиги жана судьянын кадыр-баркына шек келтирген нерселерден алыс болушу зарылдыгы жазылган.
Буга байланыштуу Жогорку соттун төрайымы Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу туурасында сунуш жөнөткөн.
«Комиссия сунушту 27-январдагы чечими менен канааттандырып, Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманова кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун деген чечим чыгарды», — деп айтылат маалыматта.
Эми бул чечимдин негизинде судьяны иштен алуу сунушу президент Сооронбай Жээнбековго жөнөтүлдү.