Кыргызстанда коронавирусту аныктоого колдонулуп жаткан тепловизорлор жетишсиз болууда. Бул туурасында Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 27-январда өкмөттүн жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда кошумча тепловизор алуу боюнча иш жүрүп жатат.
[ads-quote-center cite=’деди министр.’]«Бизде 13 тепловизор бар. Ошонун баары адамдар көп каттаган чек арага коюлду. Жетпеген тепловизорлор боюнча иш алып баруудабыз. Беткап, шприц, антибиотиктер базарда бар. Кампаларда 3,5 миллиондой беткап бар. Жеке коргонуу каражаттарынан 1468 атайын халат, көз айнек эпидемиологдорго таратылып берилди, алар даяр турат», [/ads-quote-center]Тепловизор – адамдын температурасын аралыктан аныктоочу аппарат.
Алгач Кытайда катталган вирустун айынан бүгүнкү күнгө карата 80дей адам көз жумду. Өпкөнү сезгентүүчү вирус тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 2300дөй киши ооруга чалдыкты. Оору АКШда, Таиландда, Түштүк Кореяда, Австралияда, Канадада жана Францияда катталды.
27-январда Кыргызстанда бул оору менен катталгандар жок экени айтылды.