Сот журналисттин Разаковдун үстүнөн жазган арызын четке какты

Автор -

Сот журналист Канышай Мамыркулованын вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун үстүнөн жазган доо арызын өндүрүшкө алуудан баш тартты. Бул тууралуу Мамыркулова өзү социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

«Күтүлгөндөй эле сот Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Жеңиш Разаковдун үстүнөн жазылган менин арызымды кароодон баш тартты. Жарандык активист Самат Алиевге кабарлашкан жок. Бирок, мазмуну бир болгондуктан анын арызынан дагы баш тартылган болушу мүмкүн. Соттун аныктамасын алгандан кийин себеби белгилүү болот», -деп жазат журналист.

Эскерте кетсек, Бишкекте 13-январда жана 15-январда Баткендеги чек ара көйгөйү боюнча митинг өткөн. Жеңиш Разаков ага катышкан жарандарды «акча үчүн чыккан адамдар» деп атаган. Митингге катышкан жарандык активист Самат Алиев менен  журналист Канышай Мамыркулова «вице-премьер-министр жарандык ар-намысыбызга жана адамдык кадыр-баркыбызга шек келтирди» деген жүйөө менен сотко арызданышкан. Доогерлердин ар бири Разаковдон 5 млн сом талап кылышкан.