Бишкекте унаа мамыны сүзүп, 18 жаштагы бала жабыркады

Автор -

Борбор калаада унаа айдоочусу электр мамычасын сүзүп алып, 18 жаштагы бала жабыркады. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Гагарин жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. «БМВ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып электр мамычасын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен унаадагы 2002-жылы туулган жүргүнчү бала жабыркады.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган жаранды унаадан чыгарып «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришкен.