Ош шаарынын базарларында мыйзамсыз сатылып жаткан эт жана балык азыктары сатыктан алынып салынды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Ош шаардык инспекциясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта чет өлкөдөн алынып келген азыктарга чектөө киргизилген.
«Тескөөчүлөр ветеринардык көзөмөлдө турган объекттерде, кампаларда, соода жайларында жана ишкерлердин, тургундардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Мындан 2 күн мурун Ош шаарында мыйзамсыз сатылып жаткан 2 килограмм бөдөнөнүн эти, 15,2 килограмм бөдөнөнүн жумурткасы, 52 килограмм тийиштүү документи жок балыкка акт түзүлүп, соодадан алынды», — деп айтылат маалыматта.
Кытай бийлиги оору күчөп баратканына тынчсызданууда. Маалыматтарга караганда, өпкөнү сезгентүүчү вирус тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 6 миңдей киши ооруга чалдыкты. Өлгөн адамдардын саны 130дан ашты.
Эске салсак, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугушуп, жаңы типтеги коронавирус тарап жатканына байланыштуу маалыматтарды ыкчам алмашып турууну макулдашкан.