Ош шаарында мурда 16 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2019-жылдын 12-октябрында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Ош шаарынын 23 жаштагы тургуну Гүльнара арыз менен кайрылып, анда Нурматов көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде эс алып жаткан учурда белгисиз атуул эч себепсиз уруп, бетине бир нече жолу тээп, денесине жарат келтирип, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткенин билдирген.
Материалдар Ош ШИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси менен катталып, шектүүгө издөө жарыяланып, жабырлануучуга тиешелүү экспертиза дайындалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү «Аманкелди» уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын тизмесинде турганы аныкталды. Ал Өзгөн районунда каттоодо турганы менен Ош шаарында жашап жүргөн.
Кармалган жаран Жазык- процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Шектүү А.А. мурда жасаган кылмышы үчүн Ош шаарында жайгашкан Жазаны аткаруу кызматынын жатак абактарынын биринде жазасын өтөп жатып, өз убагында каттоодон өтпөй, бул кызмат тарабынан дагы издөөдө жүргөндүгү аныкталды.