Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2 жашар бала катуу сабалып каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-январь күнү болжол менен саат 13:30 чамасында Сузак районунун Октябрь айылдык ооруканасына 2017-жылы туулган баланын жансыз денесин алып келишкен. Анын денесинде көптөгөн көк ала тактар бар болгон.
Бул факты боюнча окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу барган. Алар бардык тийиштүү маалыматтарды Сузак РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Денеге оор залал келтирүү» беренеси менен каттап, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
[ads-quote-center cite=’деп билдиришти милициядан.’]«Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Шектүү катары баланы карап жүргөн жеңеси Д.А. суралууда. Анын колунда кичинекей баласы жана андан сырткары өспүрүм балдары бар. Азыр анын баш коргоо чарасы каралууда. Чарчап калган баланын атасы Орусияда иштеп жүргөн. Ал эми апасы 2019-жылы каза болуп калган», [/ads-quote-center]