Кызыл-Кыяда чыккан өрттөн 63 жаштагы аял каза тапты

Автор -

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында турак үйдөн өрт чыгып, 67 жаштагы аял каза тапты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт бүгүн, 30-январда таңга маал саат 4:58 чамасында чыккан. Аны өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, эки саат дегенде толук өчүрүлгөн. Кырсыктан үйдүн 20 чарчы метр ашканасы жана уктоочу бөлмө күйүп кеткен. 1953-жылы туулган аял түтүнгө ууланып каза тапкан.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Бөлүшүү