Москвада кыргызстандык кассир бир банка кофе үчүн кардарды сабап, өлтүрүп алды

Автор -
1306

Орусияда кыргыз жараны киши өлтүрүүгө шектелип, камакка алынды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя 20-январь күнү Москва шаарындагы «Дикси» супермаркетинде болгон. Ал жакта кассир болуп иштеген 26 жаштагы кыргыз жараны кардарлардын бири бир банка кофени курткасынын чөнтөгүнө катып чыгып баратканын байкап калган. 

Мындан улам, байкоо камераларындагы жазууларды караш үчүн кардардын аны менен чогуу жер төлөгө түшүүсүн талап кылган. Камерадагы жазуулардан анын чындап эле уурулук кылганы белгилүү болгон. Кассир акча төлөөнү талап кылып, ичке бир муштаган. Кулап түшкөн жаранды буту менен бир тепкен.

«39 жаштагы жаран бир нече сааттан кийин алган жаракаттарынан улам каза тапты. Шектүүнү бир нече күндөн кийин гана колго түшүрө алдык. 29-январь күнү ал Москва облусунун аймагынан кармалды», -деп билдиришет облустук милициядан.  

Кийин белгилүү болгондой, кардар кофенин акчасын жарым-жартылай төлөгөн. Дүкөн кызматкерлеринин айтымында, эркек кишинин жанында накталай акча болгон эмес, ал эми картасындагы акча карызынын бир бөлүгүн жабууга жеткен.

Шектүү учурда Тергөө изоляторунда кармалып турат. Тергөөчүлөр магазиндеги камералардын тасмаларын текшерип жатышат.