Бишкектеги ИИМдин ички аскерлеринин № 702 аскер бөлүгүндө жоокер асынып өлдү. Бул тууралуу жеке булактарына таянып, 24.kg жазды.
Окуя кечээ, 30-январда болуп өткөн.
Алдын ала алынган маалыматка караганда, жаш улан армияга 2019-жылдын сентябрында чакырылган. Өз өмүрүнө кол салуу учурунда ал күзөттө экенин айтылат.